Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Үч-төрт жума калды. Украина боюнча ЦРУнун мурдагы аналитигинин божомолу

Аба ырайы өзгөрүлөрү менен аскерлердин мобилдүүлүгү кыскарары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Октябрда Украина контрчабуулун аягына чыгарууга аргасыз болот. Бул туурасында ЦРУнун мурдагы аналитиги Ларри Жонсон маегинде айтканын РИА Новости жазды.
Анын пикирине таянсак, Украинанын Куралдуу күчтөрүн согуштук жактан каржылап туруу мүмкүнчүлүгү улам азайып бара жатат. Жонсон украин армиясынын июндан берки жоготуусун 77 миң адам деп санады.
"Украинанын бул кармашка туруштук берүүсү айлап эмес, жумалап азайып бара жатат. Балким, бул үч-төрт апта менен бүтөр. Аба ырайы өзгөрүлөрү менен (ал октябрда болот) аскерлердин мобилдүүлүгү кыскарат. Бирок Россияда украин базаларына, бекемдеп алган жерлерине авиация менен жеткирилген бомба, ракета менен сокку уруу мүмкүнчүлүгү мурдагысындай эле болот жана улана берет", — деген Жонсон.
ЦРУнун экс-аналитиги ал тургай Владимир Зеленский "контрчабуул ордунан чыкпай ийгиликсиз болуп калганын мойнуна алганын" айтты.
Бир аз мурдараак Россия лидери Владимир Путин Украина күчтөрү контрчабуул баштагандан бери жоготкон адамынын саны 71 миңге чукулдап барганын айткан эле. Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Украинанын Куралдуу күчтөрү койгон максаттарынын бирине да жетпегендигин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: украиналыктардын өздөрүнүн куралдуу күчтөрүнө болгон ишеними азаюуда