Өкмөт сурдо күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан байге алгандарды акчалай сыйлады

Кыргызстандык балбандар жалпы командалык эсепте үчүнчү орунду ээлеген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-11-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн угуусу начар жана дүлөйлөр арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлык тапшырды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-11-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн угуусу начар жана дүлөйлөр арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлык тапшырды.

2 / 4

Мелдешке дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн 250 спортчу келген.

3 / 4

Кыргызстан командалык эсепте үчүн орунду ээледи.

4 / 4

Акылбек Жапаров кыргызстандык балбандарды президенттин атынан куттуктаган.

Мелдешке дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн 250 спортчу келген. Кыргызстан командалык эсепте үчүн орунду ээледи. Акылбек Жапаров кыргызстандык балбандарды президенттин атынан куттуктаган.
"Эгемендүүлүк тарыхыбызда алгач ирет Кыргызстанда биринчи жолу дүлөйлөр арасында таэквондо, дзюдо, грек-рим жана эркин күрөш боюнча Азия-Тынч океан чемпионаты өттү. Ошол чемпионаттагы Кыргызстандын жакшы көрсөткүчтөрүнүн негизинде кийинки дүйнөлүк чемпионатты бизде өткөрүү боюнча чечимдин кабыл алынышы биз үчүн сыймык болду", — деди Жапаров.
Өкмөт башчы аталган чемпионатта 1-орунду алгандарга 100 миң, 2-орунга 80 миң, 3-орунга 70 миң сомдон бергени айтылды.
Белгилей кетсек, угуусу начар жана дүлөйлөр арасында эркин жана грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты 2-12-сентябрь күндөрү Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөн.
Бали! Калмира Билимбек кызы дүйнө чемпионатынан коло медаль утту