Садыр Жапаров Душанбеге барды. Президентти кимдер коштоп кетти

Мамлекет башчыны Душанбенин эл аралык аэропортунан Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Тажикстанга Борбор Азия мамлекет башчыларынын V консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн барды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мамлекет башчыны Душанбенин эл аралык аэропортунан Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алган.
1 / 4

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Тажикстанга Борбор Азия мамлекет башчыларынын V консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн барды

2 / 4

Мамлекет башчыны Душанбенин эл аралык аэропортунан Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алган

3 / 4

Сапардын алкагында Жапаров Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү айтылды

4 / 4

V консультативдик жолугушууда президенттер көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, регионалдык өз ара кызматташуунун келечегин талкуулаары айтылган

Сапардын алкагында Жапаров Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү айтылды.
Жапаров менен кошо Душанбеге кеткен делегациянын курамындагылар:
министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев;
энергетика министри Таалайбек Ибраев.
V консультативдик жолугушууда президенттер көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, регионалдык өз ара кызматташуунун келечегин талкуулаары айтылган.
Кыргызстан менен Тажикстан Борбор Азияны өзгөртө алат. Пикир