Өлкөдө "Кыргыз Экспорт" ишканасы түзүлдү. Милдеттери

Эки айлык мөөнөттө жаңы мамлекеттик мекеменин уюштуруу-техникалык жана финансылык маселелери чечилип, ишке кирип калышы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Өлкөдө "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору" мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Жаңы борборго экспортту өнүктүрүү, илгерилетүү боюнча функцияларды аткаруунун сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу милдети тагылган.
Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы бул мекеме экспорттук потенциалдын өсүшүн, кыргызстандык өндүрүшчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу боюнча иш алып бармакчы.
Эгерде конкреттештирип карасак, борбордун негизги милдеттери катары төмөнкүлөр белгиленди:
Кыргызстандын экспорттук потенциалын стимулдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
продукцияны экспорттоону илгерилетүү бөлүгүндө Кыргызстандын эл аралык жана региондор аралык тышкы экономикалык байланышын өнүктүрүү;
экспортту илгерилетүү жолу менен Кыргызстандын экономикасын диверсификациялоого көмөктөшүү;
экспортту өнүктүрүү, илгерилетүүгө байланыштуу маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын, бизнес-коомчулуктардын, коомдук бирикмелердин, илимий жана башка уюмдардын координацияланышын жана өз ара кызматташууну камсыз кылуу.
Экономика жана коммерция министрлигине эки айлык мөөнөттө аталган мамлекеттик мекеменин түзүлүшүнө байланыштуу уюштуруу-техникалык жана финансылык маселелерди чечүү тапшырылган.
"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы түзүлдү. Милдеттери