Өкмөт баасын мамлекет жөндөй турган товарлардын тизмесин жарыялады

Белгиленген товарлардын баасында өзгөрүү болсо Экономика жана коммерция министрлигине кабарлоону айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Министрлер кабинети баасы мамлекет тарабынан жөндөлө турган товарлардын тизмесин бекиткенин өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Ун, нан, нан азыктары, сүт, өсүмдүк майы, эт, кумшекер, күрүч, кесме, жумуртка, картошка, сабиз, пияз, көмүр, бензин жана дизелдик май, газ, жер семирткичтер жана тоюттун баасынын ашыкча көтөрүлүп кетпешин өкмөт көзөмөлдөй турган болду.
Статистика комитетине жогорудагы товарлардын баасында өзгөрүү болсо Экономика жана коммерция министрлигине токтоосуз кабарлоону айтышты.
"Сыртка тоют чыкпасын". Министрлик жарым жылга тыюу киргенин билдирди