Кыргызстандын куткаруучулары "Казкуткаруу — 2023" мелдешине катышууда

Иш-чаранын максаты — издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү көндүмдөрүн жогорулатуу, тажрыйба алмашуу, кесиптик чеберчиликти жогорулатуу.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Казакстанда куткаруучулар арасындагы "Казкуткаруу — 2023" эл аралык мелдеши старт алды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Масштабдуу иш-чарага Түрк мамлекеттер уюмуна мүчөлүк кылган Кыргызстан, Азербайжан, Венгрия, Казакстан жана Өзбекстандын куткаруучулары катышууда.
1 / 2

Казакстанда куткаруучулар арасындагы "Казкуткаруу — 2023" эл аралык мелдеши старт алды.

2 / 2

Масштабдуу иш-чарага Түрк мамлекеттер уюмуна мүчөлүк кылган Кыргызстан, Азербайжан, Венгрия, Казакстан жана Өзбекстандын куткаруучулары катышууда.

Машыгуунун ачылыш аземинде 5 өлкөнүн өкүлдөрүнө авариялык-куткаруу кызматтарынын кыйраган имараттарда жана курулуштарда, тоолуу аймактарда издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү, аба жана темир жол транспортторундагы, химиялык кооптуу объектидеги кырсыктарды жоюу, өрттү өчүрүү жана сууда жабыркагандарды куткаруу боюнча практикалык иш-аракет көрсөтүлдү.
Иш-чаранын максаты — издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү көндүмдөрүн жогорулатуу, тажрыйба алмашуу, кесиптик чеберчиликти жогорулатуу.
Мелдеш 20-сентябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандын атынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучу тобу катышууда.
ӨКМ Ысык-Көлдө дагы сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти