Министрликтен кеткен Кудайберген Базарбаев жаңы кызматка дайындалды

Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кудайберген Базарбаев Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү тескемеге мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Базарбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп 2021-жылдын октябрында дайындалып, өткөн жумада жумуштан бошотулган. Учурда аталган кызматты Гүлнара Баатырова аркалап жатат.
Кудайберген Базарбаев кызматынан алынып, ордуна Гүлнара Баатырова келди