БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кыргыз-Россия Славян университети (КРСУ) модернизацияланат. Бул туурасында ректордун милдетин аткарып жаткан Денис Фомин-Нилов билдиргенин Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Фомин-Нилов жогорку окуу жайды замандын талабына ылайыктап тездик менен жаңылоо зарылдыгын белгилеген.
Жетекчи жамаатка университетти өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясын тааныштырып жатып, анын негизи келечектүү бир нече моделден турарын айтты. Алар: заманга бап келген билим берүүчү, илим изилдөөчү жана социалдык инфратүзүмдү калыптандыруу. Билим берген, илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн эксперттик-аналитикалык борборго айлантып, инновациялык өнүгүүлөргө салымын кошкон жана дүйнөлүк университеттер менен ат салышкан ЖОЖ катары калыптандыруу.
"Бул милдеттердин ишке ашышы Кыргызстан менен Россиянын алакасынын бекемдешине кызмат кылышы керек. КРСУ классикалык ЖОЖдорду өнүктүрүүгө база боло алчу билим берүү, илим жана маданий тажрыйбалардын кепилдиги катары чыгат. Өнүгүү үчүн өзгөрүүлөр жана устаттар керек. КРСУнун мыкты деген евразиялык 10 окуу жайдын катарына киргенге мүмкүнчүлүгү бар жана биз ушуга умтулабыз", — деген Фомин-Нилов.
Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Уланбек Усеков коюлган максаттарга жетүүдө Кыргыз-Россия Славян университети Евразия экономикалык биримдигинде алдыңкы окуу жайга айлана аларын белгиледи.
Эскерте кетсек, Фомин-Нилов Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Россиянын илим жана жогорку билим берүү министрлигинин биргелешкен буйругунун негизинде дайындалды. Ага билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Уланбек Усеков жана Россиянын илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский кол койгон.
Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Азамат Найманбаев КРСУ мүмкүнчүлүгү менен атаандаштыкка туруштук беришин арттыра турган атайын макам ала тургандыгын белгилеген.