Июнь окуясында элге кол салып, мыкаачылык менен өлтүргөн деп 6 адам кармалды

Атайын кызмат Июнь окуясы боюнча тергөө иштери уланып жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Июнь окуясында Жалал-Абадда жай тургундарга кол салган деген шек менен Сузак районундагы сепаратисттик топтордун лидерлери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Шектүүлөр Сузак районунун 43 жаштагы К.Х.М., 51 жаштагы А.А.А., 62 жаштагы К.П.Т., 58 жаштагы А.А.А., 65 жаштагы М.А.И. жана 52 жаштагы К.Ш.Т. аттуу тургундары болуп чыккан.
Кармалган жарандар Сузак районундагы сепаратисттик топтордун лидерлери болуп, массалык башаламандыкка чакырып, жол тостуртуп, сепаратисттер көзөмөлдөгөн аймактардан чыгып кетүүгө аракет кылган карапайым элге кол салышканы аныкталган. Ошондой эле кармалгандардын бири Жалал-Абад шаарында 1962-жылы туулган Т.З.К. аттуу жаранды өзгөчө мыкаачылык менен аталган посттордун биринде өлтүрүүгө катышканы далилденген. Кылмышка айыпталгандар Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилип, иликтөө жүрүп жатат.
Июнь окуясында Жалал-Абадда жай тургундарга кол салган деген шек менен Сузак районундагы сепаратисттик топтордун лидерлери кармалды
УКМК Июнь окуясынын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам издөө иш-чаралары уланып жатканын белгиледи.
Эскерте кетсек, 2010-жылы 10-июнда Ош, Жалал-Абад облустарында улуттар аралык жаңжал чыгып, кан төгүлгөн. Расмий маалыматтар боюнча, каргашалуу окуяда 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жаракат алган. Массалык башаламандыкка байланыштуу 100дөн ашуун адамга издөө жарыяланган.
Июнь окуясында милиция кызматкерлерин өлтүрүүгө шектүү кармалды. Видео