Бишкектеги Токтогул көчөсүндө веложол пайда болот

Негизи бул көчөдө веложол 2015-жылы эле пайда болгон, бирок бул тилке менен жүрүү катаал болчу. Себеби эки метрлик тилкеге унаалар токтоп алчу.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Бишкектеги Токтогул көчөсүндө велосипедчендер үчүн тилке бөлүп берүү пландалууда. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, тийиштүү кызматтарга жол белгилерин орнотуу тапшырылды.
"Жакынкы аралыкта Токтогул көчөсүндө велосипедчилер менен самокат тепкендерге шарт түзүлөт", — деп убадалады калаа бийлиги.
Баса, Токтогул көчөсүндө веложол 2015-жылы эле пайда болгон. Ал кезде мындай тилкелер азыркыдай көп эмес болчу. Бирок бул тилке менен жүрүү катаал болчу. Себеби эки метрлик тилкеге унаалар токтоп алчу. Кийинчерээк калаа бийлиги менен шаардыктар бул демилгени унутуп коюшкан.
Бишкекте кайсы көчөлөр тротуарлуу болот. Тизме