Балдардын тамагына бөлүнгөн акчаны жеп байыган. Бишкекте эки аткаминер кармалды

Билим берүү тармагын тескеген чиновниктер тендердик сумманын 10 пайызын алып турганы айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Балдардын тамак-ашынын негизинде мыйзамсыз байыган деп Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери К.А.К. жана Д.А.А. тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталып, шектүүлөр кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Октябрь райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери К.А.К. жана Д.А.А.
Тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы кызматкерлер жеке кызыкчылыгын көздөп Октябрь районундагы мектептерге жана бала бакчаларга тамак-аш сатып алууда кайсы бир тараптарга тендерлерди уттуруп турганы аныкталган. Ошондой эле жалган фирмалар аркылуу жасалма тендерлерди өткөргөн.
"К.А.К. жана Д.А.А. жасаган кызматтары үчүн өткөрүлгөн тендердеги сумманын 10 пайызын жеңдирип бергендиги үчүн алып турган. Ошону менен бирге иш жүзүндөгү каржылоонун кыскарышы балдарга берилүүчү тамак-аштын сапатынын төмөндөшүнө түздөн-түз таасирин тийгизген. Ошентип К.А.К. нан азыктарын жеткирүү боюнча өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында сыйлык катары 220 миң сом алганы боюнча көрсөтмөлөр алынган. Текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке миллиондогон доллар зыян келтирилгени аныкталып, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды", — деп айтылат маалыматта.
Учурда шектүүлөр кармалып, К.А.К. УКМКнын тергөө абагына киргизилсе, Д.А.А. убактылуу кармоочу жайында отурат.
УКМК 2022-жылы Октябрь районундагы мектептерге жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тамак-аш азыктарын сатып алууга бюджеттен 230 миллион 141 миң сом бөлүнгөнүн белгиледи.
Бишкекте бир жуманын ичинде төртүнчү мектеп директору пара менен кармалды