ЧОЛПОН-АТА, 14-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Бажы кызматы быйылкы жылдын сегиз айында аткезчилик менен күрөш кандайча жүргөнүн айтып берди.
Эскерте кетсек, бүгүн Ысык-Көл облусунда КМШ мамлекеттеринин Тартип сактоо бөлүктөрүнүн жетекчилеринин комитети менен Бажы кызматынын төрагалар кеңешинин жыйыны өтүп жатат.
Мамлекеттик бажы кызматынын аткезчилик менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Мирбек Садыровдун маалыматына караганда, сегиз айдын ичинде 724,5 миллион сомдук зыян келтирилген. Бул — былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 351 миллион сомго көп сумма.
Жыл башынан бери бажычылар укук бузулган 4 108 фактыны каттаган. 28,2 миллион сомдук айып пул чегерилип төлөнгөн, ал эми 2022-жылы 13,5 миллион сом кайтарылганы белгиленди. Кылмыш иштери боюнча 117 миллион сом кайтарылган (былтыр 83,3 миллион сом).
Садыров январдан бери 229,2 миллион сомдук бажы төлөмү төгүлгөнүн белгиледи. 2022-жылы 195,7 миллион сом чогулган.
Бажы кызматынын өкүлү контрабандалык жүккө токтолуп, жалпы жонунан 150 миллион сомдук медициналык жабдуу, тамеки жана зер буюмдарын киргизүүгө аракет жасалганын билдирди. Анын айтымында, 268 миллион сомго бааланган 270 автоунааны мыйзамсыз киргизүүгө да бөгөт коюлду. Мындан тышкары, бажычылар чек арадан психотроптук мефедрон затын даярдоо үчүн 4 килограмм кара куурай, 6 килограмм нашаа жана прекурсорлорду ташууга аракет кылгандарды кармаган.