Өлкөдө айыл чарба тармагынын өкүлдөрү арасында сынак өтөт

Мыктылар 14 номинация менен тандалат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги агроөнөр жай тармагынын кызматкерлеринин күнүнө карата "Мыкты чарбакер" сынагын жарыялайт. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты.
Билдирмеге ылайык, өлкөдө агроөнөр жай тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы 20-октябрда белгиленет.
Сынак айыл чарба тармагында төмөнкү 14 номинация боюнча өткөрүлөт:
Кыргыз Республикасында органикалык чарбаны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн;
Кыргыз Республикасынын балык тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн;
агроөнөр жай комплексиндеги мыкты инновация үчүн;
айыл чарба чөйрөсүндөгү мыкты стартап үчүн;
агроөнөр жай комплексиндеги илимий жетишкендиктери үчүн;
мал чарбасындагы жетишкендиктери үчүн;
мелиорациядагы жетишкендиктери үчүн;
мыкты механизатор;
мыкты багбан;
мыкты ветеринар;
үлгүлүү асыл тукум чарбасы;
үлгүлүү үрөнчүлүк чарбасы;
үлгүлүү айыл чарба кооперативи;
мыкты айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү жана өндүрүүчү.
Министрликтен айтылгандай, сынак өлкөнүн айыл чарба тармагынын өкүлдөрүнө дем берүү максатында уюштурулат. Маалыматта анын жеңүүчүлөрү баалуу белектер менен сыйланышары айтылган.
Айыл чарба министрлиги эттин сапатын текшерүүнүн жолун айтты