15-сентябрга карата аба ырайы

15-сентябрга караган түнү Чүй облусунун айрым, Ысык-Көлдүн көпчүлүк жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Жума күнү Чүй, Ысык-Көл, Нарын өрөөнүнүн көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен жергесинин тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +20...+25, Талас жергесинде +18...+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25...+30, Ысык-Көл менен Нарында +20...+25 градуска жетет.
Бул күнү Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +23...+25, Ошто +28...+30 градус ысыйт.
Өкмөт баасын мамлекет жөндөй турган товарлардын тизмесин жарыялады