Дарыгерлер айры сайылган өспүрүмдү сактап калышты. Жалал-Абаддагы окуя

Окуя 2023-жылы 25-августта болуп, өспүрүм дарыгерлерге оор абалда жеткирилген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын дарыгерлери көкүрөгүнө айры сайылып калган Зубаир аттуу өспүрүмдү аман алып калышты. Бул тууралуу аталган оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы Козубай Абдыкалыков билдирген.
Окуя 2023-жылы 25-августта болуп, өспүрүм дарыгерлерге оор абалда жеткирилген. 15 жаштагы бейтап окуянын капыстан болгонун айтып берген.
"Бешилик тикесинен турган, анын асты жагынан өтүп жуунам дегем. Тайып кетип, айры көкүрөгүмө сайылып калды. Анан сайылган бойдон ооруканага алып келишти", — деген ал.
Медицина илимдеринин кандидаты Козубай Абдыкалыков операцияны кантип жасап, өспүрүмдүн өмүрү үчүн кантип күрөшкөндүктөрүн айтып берген.
"Айры сол жагында экен. Жүрөгүнө кирип кеттиби деп коркконбуз. Айрынын сайылган бир тишин калтырып, калганын болгарка менен кесип алдык. Операцияга алып кирдик. Жүрөккө тийбептир, өпкөнүн үстүңкү бөлүгүн эки жерин жаралап, 13-15 сантиметр кирип кеткен. Ошол жеринен аба кирип, өпкөнү кыса баштаган", — деген дарыгер.
Учурда баланын абалы жакшы.
Бишкекте 18 жаштагы кызга операция жасалып, сейрек кездешүүчү шишик алынды