Маалымат айдыңын "тазалоодо". Захарова Sputnik Молдова башчысынын жагдайы боюнча

Депортацияга байланыштуу Молдованын Россиядагы убактылуу ыйгарым укуктуу өкүлү ТИМге чакырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Кишиневдун Sputnik Молдова жетекчиси Виталий Денисовду депортациялоо чечими — өлкөнүн ички маалымат айдыңын "тазалоосу". Мындай пикирин РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде айтканын РИА Новости жазды.
"Бул болуп жаткан жалгыз акция эмес, бул — Молдованын азыркы бийлигинин демократия түшүнүгүнө жасаган акылга сыйгыс иштеринин кезектегиси. Алар сөз эркиндиги, журналисттин укугу деген эмне экендигин түшүнбөйт дагы", — деген дипломат.
Захарова депортацияга байланыштуу ТИМге Молдованын Россиядагы убактылуу ыйгарым укуктуу өкүлү чакырылгандыгын айтты.
Бүгүн эртең менен Денисов уктап жатканда үйүнө миграция кызматынан келишип, алар менен барууну айтышкан. Машинага салганда журналистти биринчи рейс менен депортациялоо жөнүндөгү токтомду беришкен. Денисов ал кагазда Молдованын улуттук коопсуздугуна коркунуч жараткандыгы жана өлкөгө 10 жылга чейин кирүүгө болбостугу жазылганын билдирди.
Окуяга "Россия сегодня" медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев комментарий берди. Ал молдовалык бийликтин кыйратуучу саясаты эл аралык мамилелердин адекваттуу бардык чегинен чыгып бара жатканын белгиледи.
2022-жылдын февралынын соңунда, Украинада россиялык атайын операциялардын башталышы менен Молдованын Маалымат жана коопсуздук кызматы Sputnik Молдаваны чектеген. Мунусун Кишинев "улуттук коопсуздук жаатында туура эмес маалыматтарды" тараттыңар деп негиздеген.
7-марттан тарта агенттиктин радиостанциясынын обосу да токтотулган. Кишиневдогу Россия элчилиги Sputnik Молдовага тагып жаткан күнөөлөө негизсиз экенин жана саясатташып жатканын айтып, айыптады.
Sputnik Литва агенттигинин шеф-редактору үй камагына чыгарылды