Sputnik Молдованын жетекчиси Виталий Денисов өлкөдөн депортацияланды

Киселев молдовалык бийликтин кыйратуучу саясаты эл аралык мамилелердин адекваттуу бардык чегинен өткөнүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Sputnik Молдованын жетекчиси Виталий Денисов өлкөдөн депортацияланып жатканын РИА Новостиге билдирди.
Денисовдун айтымында, Кишиневдогу үйүнө миграциялык кызматтын өкүлдөрү келип, аны машинага салып аэропортко алып кетип бара жатышат. Колдорунда биринчи рейс менен депортациялоо жөнүндөгү токтом бар экенин белгиледи.
"Кийимдерди жыйнап, үй жаныбарларымды алганга уруксат беришкен жок. Молдовага 10 жылга кирүүгө тыюу салынганы жөнүндөгү буйрукту карматышты. Элчиге маалымат берилди", — деди журналист.
Окуяга "Россия сегодня" медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев комментарий берди. Ал молдовалык бийликтин кыйратуучу саясаты эл аралык мамилелердин адекваттуу бардык чегинен өткөнүн белгиледи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Атайын операцияда РИА Новостинин кабарчысы каза болду