Кыргызстандык 229 абитуриент Сибирдеги жогорку окуу жайларга тапшырды

Анын ичинен 203ү бюджеттик негизде окууга өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Бул окуу жылында Кыргыз Республикасынан 229 абитуриент Тоолуу-Алтай, Омск жана Томск шаарларындагы жогорку окуу жайларга тапшырды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.
Билдирмеге ылайык, алардын 203ү бюджеттик негизде окууга өткөн.
"Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун, Омск шаарындагы консулдун көмөгү менен 200дөн ашык бүтүрүүчү аталган шаарлардагы окуу жайларга өттү. 3-июлдан 7-июлга чейин Кыргызстанда документтерди кабыл алуу жүргүзүлүп, сынак болгон", — деди министрликтен.
Таласка Россиядан 8 мугалим келип ишке киришти