Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинанын Севастополго жасаган чабуулунан 24 киши жабыркады

Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрү Севастополго чабуул жасап, натыйжада 24 киши жабыркады. Бул тууралуу региондун губернатору Михаил Развозжаев соцтармак аркылуу билдирди.
Анын айтымында, жабыр тарткандардын ичинен төрт адамдын абалы орто оор деп бааланууда.
Губернатор ыкчам кызматтардын баары иштеп жатканын, жарандык объектилер үчүн эч кандай кооптуулук жок экенин белгиледи.
"Жабыркагандардын баарына тиешелүү жардам көрсөтүлүп жатат", — деди ал.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиялык аскерлер украин дрондорунун Москвага чабуул жасоо аракетин токтотту