Садыр Жапаров Кой-Таш аскер бөлүгүнө күтүүсүз барды. Сүрөт

Аскер бөлүгүнүн аймагындагы совет мезгилинде курулган имараттардын көбү бүгүнкү күндө бир топ эскиргени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 13-сентябрда, Бишкекке жакын жайгашкан №73809 Кой-Таш аскер бөлүгүнө күтүүсүз барды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев соцтармактагы баракчасына жазды.
1 / 3

Садыр Жапаров бүгүн, 13-сентябрда, Бишкекке жакын жайгашкан №73809 Кой-Таш аскер бөлүгүнө күтүүсүз барды

2 / 3

Анын айтымында, мамлекет башчы аскер бөлүгүндөгү кызмат өтөө шарттары менен таанышып, командирлер жана жоокерлер менен баарлашты

3 / 3

Өлкө башчы бөлүктүн аймагында бала бакчанын курулушуна бөлүнгөн жер тилкесин дагы көргөн

Анын айтымында, мамлекет башчы аскер бөлүгүндөгү кызмат өтөө шарттары менен таанышып, командирлер жана жоокерлер менен баарлашты.
"Аскер бөлүгүнүн аймагындагы совет мезгилинде курулган имараттардын көбү бүгүнкү күндө бир топ эскирген. Мамлекет башчысы кызмат өтөө шарттары менен таанышкан соң жоокерлер клубунун жана бөлүк штабынын жаңы имараттарын куруп баштоону, ошондой эле казарма жайгашкан 4 кабаттуу имаратты оңдоону тапшырды", — деди Султанбаев.
Өлкө башчы бөлүктүн аймагында бала бакчанын курулушуна бөлүнгөн жер тилкесин дагы көргөн.
Эртең Садыр Жапаров Тажикстанга барат. Себеби