Садыр Жапаров үч министрди кызматка бекитти

Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров үч министрди: саламаттык сактоо; эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция; санариптик өнүктүрүү министрлерин бекиткен жарлыкка кол койду.
Анын негизинде Алымкадыр Бейшеналиев кайрадан ден соолук тармагын жөндөй турган болду. Ал эми Гүлнара Баатырова Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин, Нурия Кутнаева санариптик өнүктүрүү жаатын жетекчиликке алмакчы.
Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңеш бул үч аткаминердин талапкерлигин министрликке бекитип берген.
Алымкадыр Бейшеналиев жаңы дайындоодон кийин үн катты