Билими:
№6 мектепте окуган. Кийин Кыргыз-Россия Славян университетинин Эл аралык мамилелер факультетинин политология адистигине тапшырган. Үчүнчү курсунда стипендия утуп алып, АКШдагы Hartwick College колледжинде билим алган. КРСУну бүткөндөн кийин Германиядагы Мюнхен университетине тапшырган. 2005-жылы ОБСЕ академиясын артыкчылык менен бүтүргөн.
Эмгек жолу:
Кутнаева "Түндүк" мамлекеттик ишканасында, Жеке маалыматтарды коргоо агенттигинде жана КР Коргоо кеңешинин катчылыгында иштеген. 2023-жылдын сентябрь айында санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды.