Казак көмүрүнүн табы жакшы болгону менен күлдүүлүгү жогору болуп саналат. Бул тууралуу Дүйшөнбек Камчыбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы алдына коюлган планды тиешелүү деңгээлде аткарууда.
"Кара-Кеченин көмүрүнүн күлдүүлүгү 15 пайыз болсо, Караганданыкы 40 пайызга чейин жетет. Ал эми Кара-Кеченин көмүрүнүн табы 4000-6000 килокалорияга, казак таш көмүрүнүкү 6000-7000ге барат. Башкача айтканда, казак көмүрүнүн табы жакшы болгону менен күлдүүлүгү жогору болуп саналат. 1993-жылы ошол кездеги энергетика министри өлкө аймагынан көмүрлөрдү алып келип Бишкек ЖЭБине жактырган. Жакшы күйгөн. Бишкектин түтүн көйгөйү жалгыз эле көмүргө байланыштуу эмес. Борбор калаада унаалардын көбөйүшү, текстиль, курулуш материалдарынын жагылышынан улам экология жабыркап жатышы ыктымал. Ал эми таза көмүр болсо, ал түтөбөйт. Ошол эле таш көмүр Кыргызстандагы Жыргалаң шахтасында бар. Анын запасы 19 миллион тонна. Ошондуктан "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасына көмүр менен камсыздоо боюнча бардык жоопкерчиликти берип, кошумча функцияларды ыйгаруу керек. Алар жаз менен план түзүп, калкты көмүр менен камсыздоо боюнча иш алып бара берет. Ошондо бул багытта учурдагы көйгөйлөр жаралбайт эле", — деди Камчыбеков.
Академик өлкөнүн көмүр запасы боюнча өзүн-өзү толугу менен камсыздап, экспортко дагы чыгара турган потенциалы бар экенин кошумчалады.