БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын Россиянын лидери Владимир Путин менен стратегиялык жана тактикалык кызматташуу маселесин талкуулады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Жолдош Путин менен Корей жарым аралындагы, Европадагы аскердик-саясий абалды талкууладык. Натыйжада стратегиялык жана тактикалык кызматташуу, суверендүү коопсуздукту коргоо үчүн күрөштө колдоо көрсөтүү, аймакта жана дүйнөдө тынчтыктын кепилдигин түзүү боюнча бирдиктүү пикирге келдик", — деди ал.
Путин менен расмий түштөнүүдө ал Россия президентине ден соолук каалады.
"Урматтуу президент Владимир Владимирович Путиндин ден соолугу, улуу Россиянын жаңы жеңиштери, Россия — Корея достугунун өнүгүшү жана бул жерде тургандардын ден соолугу үчүн бокал көтөрүүнү сунуштайм", — деди Ким Чен Ын.
Ал ошондой эле россиялык армия гегемонияга талапкер болуп жаткандарды сөзсүз түрдө жеңе турганына ишенерин белгиледи.
Россиянын маалымат катчысы Дмитрий Песков Түндүк Корея Россия менен эки тараптуу байланышты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.