ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү

Бирок Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү 1,8 пайызга төмөндөп кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. 2023-жылдын жети айында Евразия экономикалык биримдигинде өнөр жай өндүрүшү 2,8 пайызга өскөнүн ЕЭК билдирди.
"2023-жылдын январь-июль айларында Евразия экономикалык биримдигинде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2022-жылдын январь-июль айларындагы деңгээлге салыштырмалуу 102,8 пайызды түздү", — деп айтылат ЕЭКтин билдирүүсүндө.
Өнөр жай өндүрүшү Беларуста – 7,1 пайызга, Казакстанда – 3,6 пайызга, Россияда – 2,6 пайызга, Арменияда – 0,5 пайызга өскөнү байкалды. Бирок ошол эле учурда Кыргызстанда 1,8 пайызга төмөндөгөн.
Кыргызстанга которулган акчанын 90%ы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келет