Бишкекте классикалык музыканы сүйүүчүлөр үчүн концерт болот

Музыка майрамы Кыргыз улуттук филармониянын кичи залында саат 18:30да башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Борбор калаада бүгүн Россиялык руханий маданият күндөрүнүн алкагында классикалык музыка концерти болот. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору ("Русский дом") билдирди.
Музыка майрамы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында саат 18:30да башталат. Кирүү акысыз.
Сахнага эл аралык конкурстардын лауреаттары, россиялык жаш аткаруучулар Илья Козлов (скрипка), Дмитрий Ерёмин (виолончель), Олеся Тертычная (флейта), Евгений Изотов (фортепиано), Иван Бессонов (фортепиано), Даниил Бессонов (скрипка), Никита Бессонов (скрипка) чыгарын айтышты.
"Сиздер орустун улуу композиторлору Петр Чайковскийдин, Николай Римский-Корсаковдун, Сергей Рахманиновдун, Сергей Прокофьевдин, Александр Скрябиндин жана башкалардын тандалган чыгармаларын уга аласыздар", — дешти аталган уюмдан.
Акын, котормочу Синельников Бишкекте поэзия сүйүүчүлөрү үчүн лекция окуду