Баткен менен Согдунун башчылары чек арада жолугушту. Эмне кеп болду

Чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалда курман болгондорго багыштап куран окулду.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Баткен облусунун башчысы Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн малымат кызматы билдирди.
Кыргыз-тажик чек арасындагы бүгүнкү жолугушууга эки облустун чектеш райондорунун акимдери, облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
1 / 3

Чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалда курман болгондорго багыштап куран окулду

2 / 3

Баткен облусунун башчысы Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолугушту

3 / 3

Кыргыз-тажик чек арасындагы бүгүнкү жолугушууга эки облустун чектеш райондорунун акимдери, облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты

"Алар чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалда курман болгондорго багыштап куран окуп, чек ара аймактарында тынчтык, элде аманчылык болсун деп бата кылышты", — деп айтылат маалыматта.
Облус жетекчилери эл арасында пайда болгон ар кандай түшүнбөстүктөрдү алдын алуу, чыр-чатактарга жол бербөө боюнча район акимдерине жана облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине тапшырма беришти.
Белгилей кетсек, Абдикарим Алимбаев менен Раджоббой Ахмадзода чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо, маселелерди ыкчам чечүү максатында байма-бай жолугуп турушат.
Учурда кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу, күч түзүмдөрү кадимки тартипте иштеп жатат.
Садыр Жапаров Кой-Таш аскер бөлүгүнө күтүүсүз барды. Сүрөт