БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Өкүлдөр палатасынын комитети АКШ президенти Жо Байдендин импичмент процедурасынын алкагында териштирүү баштады. Бул тууралуу аталган палатанын төрагасы Кевин Маккарти шейшембиде журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, иликтөө учурунда чогулган материалдар Байдендин өзү жана бүлөсү ири коррупциялык иштерге барып, ыйгарым укуктарын жеке кызыкчылыгына пайдаланганын тастыктап турат.
"Банк көчүрмөлөрү Байдендин үй-бүлөсүнө жана алар менен байланышы бар адамдарга ар кандай жалган компаниялар аркылуу 20 миллион долларга жакын каражат төлөнгөнүн көрсөтүп турат. Финансы министрлигинде эле Байдендин бүлөсү менен анын шек жараткан бизнес боюнча өнөктөштөрүнө байланышкан 150дөн ашуун транзакция жүргөн", — деген спикер.
Маккарти Америка эли суроолоруна жооп алышы үчүн Байденди кызматташууга чакырды.
Өкүлдөр палатасында көпчүлүктү түзгөн республикачылар Байдендин уулу Хантердин бизнесине жана жалпы эле үй-бүлөсүнө карата иликтөө жүргүзүүдө. Президенттин оппоненттеринин айрымдары импичмент процедурасын баштоого чакырып келет. Демократтар башында турган өткөн чакырылыштагы палата ошол кездеги республикачы президент Дональд Трампка карата териштирүү жүргүзүп, кийин эки ирет импичмент процедурасын өткөрүшкөн.