Бишкек шаардык соту Адахан Мадумаров боюнча райсоттун чечимин күчүндө калтырды

Мадумаровдун ишинде "купуя сыр" деген гриф бар. Ал мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровго карата тандаган бөгөт чарасын күчүндө калтырды. Бул тууралуу соттун маалымат кызматы билдирди.
Жыйын учурунда сот имаратынын алдына саясатчынын тарапташтары чогулду. Алар Мадумаровду бошотууну талап кылышты.
2-сентябрда "Бүтүн Кыргызстандын" лидери УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Мадумаров мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталууда. Иштин "купуя сыр" деген грифи бар.
Буга чейин башкы прокурор Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн парламенттен уруксат сураган. Жогорку Кеңеш макулдугун берген.
2009-жылы Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда Кыргызстан тажик тараптан талаштуу Төрт-Көчөнү 49 жылга ижарага алып жатат делген протоколго кол койгон. Кыргызстан бул документти тааныбайт.
Түрмө — пансионат эмес! Ташиев саясатчыларга эскертүү берди