14-сентябрга карата аба ырайы

14-сентябрга караган түнү жамгыр жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. 14-сентябрь, бейшембиде, көпчүлүк аймактарда күн күркүрөп жаан жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Нарын аймактарында +21...+26, Таласта +19...+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25...+30, Ысык-Көл өрөөнүндө +20...+25 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте +23...+25, Ош шаарында +28...+30 градуска көтөрүлөт.
Бишкектин бир бөлүгүндө үч күнгө газ өчүрүлөт