Эртең Садыр Жапаров Тажикстанга барат. Себеби

Сапардын алкагында Жапаровдун Тажикстан президенти Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 14-сентябрда Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын V консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Тажикстанга барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
Аталган иш сапар Эмомали Рахмондун чакыруусу менен болору айтылды. Ага Борбор Азиянын башка мамлекеттеринин башчыларынын да катышары күтүлүүдө.
"Сапардын алкагында Жапаров Тажикстан президенти Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Душанбеде боло турган Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын V консультативдик жолугушуусу көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле регионалдык өз ара кызматташуунун келечегин талкуулоону көздөйт", — деп билдирди президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев.
Кыргызстан менен Тажикстан Борбор Азияны өзгөртө алат. Пикир