Башка коңшубуз болбойт. Акылбек Жапаров КМШны өнүктүрүүгө чакырды

Жапаров берилген сунуштар менен демилгелер интеграциялык процесстерди жакшыртууга, достукту бекемдөөгө өбөлгө болоруна ишенерин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КМШ мамлекеттерин бекемдеп өнүктүрүүгө чакырды.
Ал КМШга мүчө өлкөлөрдүн Чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XVI форумунун пленардык жыйынында сүйлөгөн.
"КМШ — бул чоң үй-бүлө. Учурда шериктештикти бекемдеп, өнүктүрүү зарыл. Анткени бизде башка кошуна болбойт. Биздин элдерибизге туруктуулук, бакубат келечек керек", — деди ал.
Ал Кыргызстан КМШга төрагалык кылып жаткан мамлекет катары түрдүү багыттар боюнча кызматташууну бекемдөө үчүн иш-чараларды уюштуруп жатканын белгиледи.
"Сиздердин сунуштар менен демилгелер интеграциялык процесстерди жакшыртууга, достукту бекемдөөгө өбөлгө болот деп ишенем", — деди Жапаров.
Президенттин маалымат катчысы Кыргызстандагы орус тилинин мааниси тууралуу айтты