Ысык-Атада 36 чек арачыга жаңы батирдин ачкычы тапшырылды. Сүрөт

Төрт кабаттуу үй аскердик шаарчанын аймагында курулган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында УКМКга караштуу Чек ара кызматынын №2026 жана 2031 аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларына батирлердин ачкычын тапшыруу салтанаты өткөнү кабарланды.
Иш-чарага УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев, УКМК Чек ара кызматынын директору, генерал-майор Уларбек Шаршеев, президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн, укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, аскер бөлүктөрүнүн кол башчылыгы жана өздүк курамы, аскер кызматчыларынын үй-бүлөсү, ошондой эле Чек ара кызматынын ардагерлери катышты.
1 / 4

Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында УКМКга караштуу Чек ара кызматынын №2026 жана 2031 аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларына батирлердин ачкычын тапшыруу салтанаты өткөнү кабарланды.

2 / 4

Иш-чарага УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев, УКМК Чек ара кызматынын директору, генерал-майор Уларбек Шаршеев, президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн, укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, аскер бөлүктөрүнүн кол башчылыгы жана өздүк курамы, аскер кызматчыларынын үй-бүлөсү, ошондой эле Чек ара кызматынын ардагерлери катышты.

3 / 4

Төрт кабаттуу үй аскердик шаарчанын аймагында курулган

4 / 4

36 батирлүү үйдүн курулушу республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.

Төрт кабаттуу үй аскердик шаарчанын аймагында курулган. 36 батирлүү үйдүн курулушу республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.
УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев мамлекеттик чек араны бекемдөө, өлкөнүн жана жалпы аймактын чек ара коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүзөгө ашыруу зарылдыгын белгиледи.
"Мекен чегинин сакчыларынын социалдык көйгөйлөрүн чечүү маселеси ар дайым Кыргызстан президентинин көңүл борборунда, ошондой эле аскер кызматчыларынын кызмат өтөөсү үчүн жана алардын үй-бүлөсүнүн турмуш-тиричилик шартын жакшыртууга жалпы өлкө жетекчилиги тарабынан зарыл болгон чаралар көрүлүп келүүдө. Ага бүгүнкү иш-чара айкын мисал", — деди Ташиев.
Жаңы батирлердин ачкычы 36 аскер кызматчысына тапшырылды. Турак жай комплексинде көмүр сактоочу кампа менен өзүнчө откана, балдар үчүн аянтча жана унаа токтотуучу жай каралган. Батирлердин орточо аянты 62-87 чарчы метрди түзөт.
Түрмө — пансионат эмес! Ташиев саясатчыларга эскертүү берди