БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Ишкер, экс-депутат, "Аю" холдингинин ээси Шаршенбек Абдыкеримов сыртынан камакка алынды. Мындай чечим чыккандыгын Бишкектин Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.
Сот чечимди ИИМдин тергөөчүсүнүн сунуштамасынан кийин кабыл алган. Абдыкеримовду сыртынан Бишкектеги №1 убактылуу тергөө абагына киргизүү өкүмү чыкты.
Мындан бир ай мурда ЖМКлар ишкердин Дубайда дарыланып жаткандыгын жазышкан.
14-апрелде президент Садыр Жапаров "Аю" компаниясынын спирт жана арак чыгарган заводу мамлекетке өтүп жаткандыгын билдирген эле. Анын айтымында, компанияга салыкты жашырбоо, акцизди жасалмалабоо жана спиртти контрабанда кылбоо боюнча эскертүү беришкен. Президент мындан ары спиртти да, аракты да мамлекет өзү чыгарарын белгилеген.
ИИМ "Аю" компаниясынын Сокулук айылындагы, Токмок шаарындагы кампаларына тинтүү жүргүзүлүп, мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 260 тоннадан ашык этил спирти, бухгалтердик документтер, акциздик маркалары жок 12 миң бөтөлкөдөгү спирт кошулган ичимдик табылганын кабарлаган.