Россия эки эсе көп пайда көрдү. Путин алтын-валюталык кордун тоңдурулушу тууралуу

Ал ошондой эле чет өлкөдө иштеп табылган мыйзамдуу каражат тууралуу да пикирин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Россия эки эсе көп пайда тапты. Бул тууралуу Владимир Путин россиялык алтын-валюталык кордун тоңдурулганына комментарий берип жатып айтты.
"Биздин алтын-валюталык кор тоңдурулганын билем. Бирок мында кеп 300 миллиард (доллар. — ред.) жөнүндө эмес, кеп муну жасагандардын ишенимден кеткенинде", — деди Путин.
Ал ошондой эле чет өлкөдө иштеп табылган мыйзамдуу каражат тууралуу да пикирин айтты.
"Дос эмес өлкөлөр мыйзамдуу табылган каражатты дагы алып койду. Бул менин эмес, биздин компаниялардын, биздин ишкерлердин акчасы да. Бул эми чектен ашкандык", — деди президент.
VIII Чыгыш экономикалык форуму 2023-жылдын 10-13-сентябрь аралыгында Владивостоктогу Ыраакы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда өтүп жатат.
Путин: тең укуктуу кызматташууга даяр мамлекеттердин саны өсүүдө