Ливиядагы суу ташкындан 9 миңден ашык адам дайынсыз жоголду

Дерна шаарындагы жана ага жакын аймактардагы абал өтө оор. Мамлекет менен Кызыл жарым ай коомунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Ливиянын чыгышындагы Дерна шаарындагы суу ташкындын кесепетинен тогуз миң адам дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу РИА Новостиге Кызыл жарым ай коомунун өкүлү билдирди.
"Биз эл аралык кызматташууга муктажбыз. Дайынсыз болуп жаткандар тууралуу тогуз миңден ашык билдирүү келип түштү. Масштабдуу издөө операциялары жүргүзүлүшү керек болуп турат", — деди агенттиктин маектеши.
Анын айтымында, Дернадагы суу ташкындын айынан үч район толугу менен талкаланган.
"Дерна шаарындагы жана ага жакын аймактардагы абал өтө оор. Мамлекет менен Кызыл жарым ай коомунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү", — деди ал.
Буга чейин ливиялык ЖМКлар жекшембиде нөшөрлөгөн жамгырдан улам Ливиянын бир топ шаарларын, анын ичинде Эль-Байда менен Дернаны суу ташкыны каптаганын жазышкан. Нөшөр бийликти аэропорттор менен деңиз портторун жабууга аргасыз кылды. Суса менен Дерна шаарлары табият кырсыгына кабылган аймак катары жарыяланган.
Жер көчкү Грузиядагы курортту толук жок кылды, 18 адам көз жумду