Кыргызстанга которулган акчанын 90%ы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келет

Каражаттын басымдуу бөлүгү Россиядан жөнөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кыргызстанга которулган акчанын кеминде 92 пайызы ЕАЭБ мамлекеттеринен келет. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Январь-июль айларынын арылыгында республикага 1 миллиард 107,3 миллион доллар которулган.
Мында Россиядан 1 миллиард 3,4 миллион, ал эми Казакстандан 15,5 миллион доллар келген. Армения менен Беларусь боюнча маалымат жок. Бирок аларсыз деле акча каражатынын 92 пайызы ЕАЭБдин үлүшүнө туура келерин көрүүгө болот.
Адатта Кыргызстанга келген акча мигранттардын которуулары деп эсептелет, анткен менен башка транзакциялар да эске алынат. Каражат ар кыл валютада келгени менен баары доллар эквивалентинде көрсөтүлөт.
Жарым жылда Евразия экономикалык биримдигинин ИДПсы 1,8%га өстү