Радио

Жекшенкулов: Кыргызстандын өтмүшү эле эмес, келечеги да Россия менен бирге

Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, саясат таануу илимдеринин доктору Аликбек Жекшенкулов Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарын эйфория менен өткөрүп жибергенин айтты.
Sputnik
Биздин географиялык жайгашуубуз деле Кытай жана Россия менен ынак мамиледе болууну шарттайт. Мамлекеттер эл аралык алака түзөрдө геосаясат чоң роль ойнойт. Андан кийин гана экономика жана башка багыттарга маани берилет. Биз ушул геосаясат жана экономика сыяктуу эки чоң багытта тең Россия менен тыгыз байланыштабыз. Импорттон көз каранды Кыргызстан үчүн ун, дан жана башка азык-түлүк, күйүүчү майды экспорттогондордун тизмесинде биринчи орунда Россия Федерациясы турат. Бул тууралуу Аликбек Жекшенкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып бөлүштү.
Анын айтымында, Кыргызстан 2015-2020-жылдарга чейин унду негизинен Казакстандан импорттоп келсе, учурда сырттан алынган ундун 97 пайызы Россиядан келет. Себеби Каазкстан жакын жайгашканына карабай кымбат сатат.
"Өлкөлөрдүн географиялык жайгашуусу анын экономикасына чоң таасир этет. Бул жагынан биз тагдырыбызга нааразы болбой эле койсок болот. Анткени өндүрүшү күчтүү Кытай, Россия сыяктуу чоң өлкөлөр бизге жакын. Биз ошол эле ички муктаждыгыбызга кетчү ундун 97 пайызын, күйүүчү майлоочу заттардын 95 пайызга жакынын Россиядан алабыз. Ал эми курулуш материалдарына керектелүүчү жыгачтар, канцелярдык товарлар да дээрлик ушул өлкөдөн келет. Андыктан Россия Федерациясы менен биздин өтмүшүбүз эле эмес, келечегибиз да бирге. Биз эгемендүүлүк алган алгачкы 15 жылыбызды эйфория менен өткөрүп жибердик. Жыйынтыгына ким кааласа келип, эмне кааласа ачып, өлкөдө башаламандык пайда болду. Алдыда геосаясат жүргүзүүдө Кыргызстан өлкөнүн жайгашуусун туура пайдаланып, эгемендүү өлкө катары Евразия мамлекеттерине ыктаганы экономикалык, идеологиялык дагы жактан жакшы. Анткени мамлекеттердин жайгашкан жери тарыхтан бери эле анын өнүгүүсүнө зор таасирин тийгизерин байкап келебиз. Мисал катары ошол эле Афганстандагы кыргыздарды алалы. Эмне үчүн алардын жашоо шарты начар болуп калган. Анткени жайгашкан жери ошого түртөт. Коммуникация жок, алака түзүүгө анча ыңгайлуу эмес жерде отурукташкан калктын экономикасы да чабал болорун ушундан көрсөк болот", — деди Жекшенкулов.
Ал Батыш өлкөлөрүн туурап жашоону жаңычылдык катары караган инсандарга ал мамлекеттер биздин ыктообузду каалашар бекен деген суроо жараларын кошумчалады.