Кыргызстандык журналисттерге жардам берет! Россиялык менеджердин пикири

ТАССтын жетекчиси Бишкекте сөз сүйлөдү. Ал жаңы технологиялар журналистиканы өзгөртө турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Жасалма интеллектинин журналистикадагы ролу тууралуу ТАСС агенттигинин башкы директору Андрей Кондрашов КМШнын мамлекеттик маалымат агенттиктеринин жетекчилеринин кеңешинде билдирди.
ТАСС агенттигинин башкы директору Андрей Кондрашов
Ал КМШ өлкөлөрүнүн журналисттери тыгыз иштешүүсү керектигин белгиледи. Айрыкча фейктерге эффективдүү каршылык көрсөтүүгө багытталган жаңы технологияларды колдонууга токтолду.
"Биз ТАССка орнотууга белсенип жаткан машина күн сайын 22 миң ЖМКны сканерлейт. Ал аркылуу биз саналуу сааттарда жаңылык кайсы өлкөдө пайда болуп, аны андан ары кимдер алганын биле алабыз", — деди ал.
Кондрашов КМШ мамлекеттерин фейктер менен биргеликте күрөшүүгө чакырды. Кеңешке тогуз мамлекеттен барган медиаменеджерлер катышты.
Башка коңшубуз болбойт. Акылбек Жапаров КМШны өнүктүрүүгө чакырды