Бишкекте КМШ жаштары акысыз концерт тартуулайт

Концерт КМШга мүчө-мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XVI форумунун алкагында уюштурулат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. 12-сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында КМШнын Жаштар симфониялык оркестринин концерти өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, концерт КМШга мүчө-мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XVI форумунун алкагында уюштурулат.
КМШнын Жаштар симфониялык оркестри Гуманитардык кызматташтык кеңешинин жана КМШга мүчө-өлкөлөрдүн Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фонду тарабынан түзүлгөн.
"Оркестрдин курамы КМШ жана Грузия өлкөлөрүнүн таланттуу жаш музыканттарынан, абройлуу шоу-сынактардын жеңүүчүлөрүнөн турат", — дешти министрликтен.
Маалыматта концерт акысыз коюлары кошумчаланган.
Бишкекте “Орус романстарынын кечеси. Рахманинов-gala" концерти өттү. Сүрөт