Баткакка батып, бийиктикке секирип. Канттагы мото турнирдин ирмемдери

Кант шаарында мотоциклчилердин жарышы болду. Спортчулардын шамдагайлыгын, өжөрлүгүн Sputnik Кыргызстан даярдаган сүрөт түрмөктөн көрө аласыздар.
Sputnik
Турнирге Бишкектен, Канттан, Кара-Балтадан, Караколдон жана Майлы-Суудан 70ке чукул мотоциклчилер катышкан. Спортчулар "СуперЭндуро" дисциплинасында таймашкан. Трассадан ар кыл тоскоолдуктардан, аң-дөңдүү, баткактуу, кумдуу, топурактуу жолдон өтүп, тажрыйбаларын сынашкан.
"СуперЭндуро" дисциплинасы — мотоспорттун спортчулар жасалма жана табигый тоскоолдуктарынан өтүп, чеберчилигин сынаган түрү.
1 / 12

Суперэндуро боюнча республикалык турнир төрт категорияда өттү, алар юниорлор, эндуро-кросс, хард-эндуро жана "Поднебесная" деп аталды

2 / 12

Super Enduro турниринин катышуучусу өтүп бара жаткан трамплин

3 / 12

Спортчуларды колдоо үчүн жүздөгөн күйөрмандар келишти

4 / 12

Кезектеги тоскоолдуктун бири — кумдуу дөңсөө

5 / 12

Спортчулар жасалма тоскоолдуктардан өтүп, чеберчилигин сынаган учур

6 / 12

Турнир Канттагы жаңы полигондун ачылыш урматына карата болду

7 / 12

Спорт деген кызык нерсе... баткакка баткан мотоциклчи

8 / 12

Экстремалдуу аянтча идеясы республикалык таймаштарда бир нече ирет жеңип жүргөн жергиликтүү спортчуларга таандык

9 / 12

Мотожарышка түшүп жүргөндөр мурда тоолордо гана машыгып келишсе, азыр райондук бийликтин колдоосу менен полигондуу болушту. Ал жерде кызыкдар болгон ар бир адам чеберчилигин арттырып, жаңы жеңишке камдана алат

10 / 12

"СуперЭндуро" дисциплинасы — мотоспорттун спортчулар жасалма жана табигый тоскоолдуктарынан өтүп, чеберчилигин сынаган түрү

11 / 12

Кумда айдоо албетте, ыңгайсыз. Ал эми таштын үстүндө жүрүү андан да көбүрөөк тажрыйбаны талап кылат

12 / 12

Турнирдин аягында

Тема боюнча:
Учуп түшүп, баткакка батканына карабай жарышкандар... Чүйдөгү турнирден ирмемдер