БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Батыш мамлекеттери ушу күндө деле Африкада неоколониялык саясат жүргүзүүгө аракет кылып келишет. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунун пленардык жыйынында айтканын РИА Новости жазды.
"Азыр деле өзүнүн (Батыш) неоколониялык саясатын (Африкада) жүргүзүүгө аракет кылып жатышат. Африка өлкөлөрүнө мүшкүл салышты — триллиондогон доллар карызга батып отурушат. Башкача айтканда, Батыш Африка өлкөлөрү үчүн таптакыр кутула албай тургудай кредиттик-финансылык система түзүп коюшкан. Муну насыялык мамиле деп да атоого болбойт, өзүнчө бир контрибуция", — деди президент.
Путин Батыш мамлекеттери адамдарды тор капаска салып ары-бери ташыганын бир да африкалык унутпай турганын белгиледи.
"Мурунку колонизаторлор эмне кылышчу эле? Жакында эле сүрөттөрдү көрсөтүштү, 1957-жылы Европа мамлекеттерине, ошол эле Бельгияга адамдарды тор капас менен ташышкан экен. Зээниң кейийт", — деди РФ президенти.
Путин бул адамдарды бала-чакасы менен ошо тор капастагысы боюнча аңыз кылып көрсөтүп келишкение токтолду.
"Муну Африкада эч ким унутпайт", — деди Путин.
Владивостокто 10-сентябрда башталган VIII Чыгыш экономикалык форуму өз ишин 13-сентябрда жыйынтыктайт.