Бишкекте 18 жаштагы кызга операция жасалып, сейрек кездешүүчү шишик алынды

Бишкекте залалдуу шишикти алып салуу операциясы КММА хирургдары аркылуу жасалды
Мындай шишик 30 жашка чейин кыз-келиндерде кездешет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын (КММА) хирургдары уйку бездеги сейрек кездешкен залалдуу шишикти операция жолу менен алышканын аталган окуу жай кабарлады.
КММА хирургдары залалдуу шишикти алып салуу операциясын жасап жаткан кези
Канат Оморов башында турган дарыгерлердин тобу 18 жаштагы кызга операция жасап, Франц деп аталган шишикти алып салышты. Буга чейин мындай операция жасалган эмес.
Окуу жай адатта шишик 30 жашка чейин кыз-келиндерде кездешерин, уйку безде кездешкен бардык шишиктин үч пайызын түзөрүн белгиледи. Хирургиялык кийлигишүү эң майнаптуу жолу болуп саналат, химиотерапиянын натыйжалуулугу тастыкталган эмес.
Маалыматта операция кынтыксыз өтүп, кыздын абалы дурус экени айтылат.
Ошто эки ай мурун тыйын жутуп алган 2 жашар кызга операция жасалды