13-сентябрга карата аба ырайы

Республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Шаршембиде Ош, Талас, Баткенден башка облустардын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +21...+26, Талас, Ысык-Көл, Нарын жергесинде +19...+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +27...+32 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +24...+26, Ош калаасында +30...+32 градуска жетет.
Баткакка батып, бийиктикке секирип. Канттагы мото турнирдин ирмемдери