Ошто эки ай мурун тыйын жутуп алган 2 жашар кызга операция жасалды

Наристени алгач Бишкекке жөнөтүшмөк болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын дарыгерлери эки ай мурун тыйын жутуп алган эки жашар бөбөккө операция жасаганы кабарланды.
Маалыматта наристенин кызыл өңгөчүнө туруп калган бөтөн зат эки ай бою билинбей жүргөнү айтылат. Кээде гана жөтөлүп койгону болбосо, бир нерсе жутканы билинген эмес.
"Бөтөн зат кыздын кызыл өңгөчүнүн капталына жабышып калган. Алгач мындай оор операцияны жасоо үчүн баланы Бишкектеги дасыккан дарыгерлерге жөнөтүүнү ойлонушкан, бирок жергиликтүү врачтар өздөрү аракет кылып, жабышкан затты алып салышты", — деп айтылат маалыматта.
Операцияны оорукананын дарыгерлери Садык Кутбаев, Үмүт Пазылов, Данияр Масаев анестезиологдор Давран Шакиров, Замирбек Кадыровдун жардамы менен жасашкан.
Учурда баланын абалы жакшы деп бааланууда.
Дарыгерлер ата-энелерге балдардын ойноп жаткан оюнчугуна көңүл буруп, сак болууну эскертти.
Кореялык офтальмологдор кыргызстандыктарга акысыз операция жасоо үчүн келет