Акын, котормочу Синельников Бишкекте поэзия сүйүүчүлөрү үчүн лекция окуду

Лекция "Кыргызстан — Россия: жалпы маданий мурас" фестивалынын алкагында окулду.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Бишкекте акын, котормочу, адабият таануучу жана адабият тарыхчысы Михаил Синельниковдун лекциясы өттү.
Поэзия сүйүүчүлөрүнүн жолугушуусу Кыргыз-Россия Славян университетинде өттү.
Синельников кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун ырларын орусчага которгон. Анын эмгектери "Мой Алыкул" китебине жарыяланган.
1 / 3

Бишкекте акын, котормочу, адабият таануучу жана адабият тарыхчысы Михаил Синельниковдун лекциясы өттү

2 / 3

Поэзия сүйүүчүлөрүнүн жолугушуусу Кыргыз-Россия Славян университетинде өттү

3 / 3

Синельников кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун ырларын орусчага которгон. Анын эмгектери "Мой Алыкул" китебине жарыяланган.

"Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына абдан кызыгам. Бирок мен монополист эмесмин, улуу чеберлердин котормолорун да жогору баалайм", — деди ал.
Лекция 8-16-сентябрь аралыгында өтүп жаткан "Кыргызстан — Россия: жалпы маданий мурас" фестивалынын алкагында окулду. Аны "Чет жердеги орус мурасы" фонду Россия ТИМи жана Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурууда.
Сүйүүнүн күчүн көрсөткөн эки саат. Бишкекте "Караңгы аллеялар" спектакли коюлду