Самаков Кубанычбек Карганбекович — өмүр баяны

Кубанычбек Самаков 1984-жылы 12-июлда Нарын облусунда туулган. Экс-депутат Карганбек Самаковдун уулу.
Sputnik
Билими:
Кыргыз-Россия Славян университетин бүткөн.
Эмгек ишмердүүлүгү:
Курулуш компаниясын, андан сырткары, мунай азыктарын кайра иштеткен "Бипором" ЖЧКсын жетектеген. "Инвестиционный центр "КА Азия" жана дүң соода менен иш алып барган "ELEGANT-сервис" компаниялары бар.
Кошумча маалымат:
2017-жылы атасы Карганбек Самаков менен биргеликте жерди мыйзамсыз трансформациялоо боюнча күнөөлүү деп табылган.
2016-жылы экс-депутат 262 гектар жерди сатып алып, айыл чарба багытындагы жерди трансформациялап, калкка кайра сатканы айтылган. Жогорку Сот Самаковдор боюнча ишти жаңыдан ачылган жагдайларга байланыштуу 2021-жылы кайрадан кароого жиберген. Мурдагы өкүмдөр жокко чыгарылган. Иш жаңыдан каралганда прокуратура сотто мурдагы күнөөлөөнү колдоодон баш тартып, андан улам иш токтотулган.
Кубанычбек Самаков кечээ, 10-сентябрда, өткөн Жогорку Кеңештин Ленин шайлоо округу боюнча эң көп добушту алды.
Шакиев Жыргалбек Тургунбекович — өмүр баяны