Радио

Психолог баланы үйдүн жанындагы мектепте окутуунун пайдасын айтып берди

Психолог Шолпан Мамытова сентябрь айы окуучу үчүн адаптация айы болорун айтты.
Sputnik
Көпчүлүк ата-эне баласын үйүнөн алыс жайгашкан мектептерге окутуп, ката кетирип жатат. Мындай пикирин Шолпан Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эгер баласын алыс жайгашкан мектепке окуткусу келсе, ошого жараша шарт түзүп берүү керек.
"Азыр ата-энелердин көбү баласын жеке менчик же үйүнөн алыс болсо да шаардын ортосунда жайгашкан мектептерде билим алуусун каалайт. Бул жерде көпчүлүгүбүз алыс жол балага терс таасир берерин эске албай жатабыз. Негизи башталгыч класста окуучу үйүнөн мектепке жөө эле барып келгени жакшы. Маршрутка күткөн бала анын качан келерин, тыгын келсе албай кетип калсачы деп тынчсызданып жатып мектепке барганга чейин эле чарчап калышы мүмкүн. Ошондой эле баарыбызга маалым болгондой, коомдук транспорт толуп калган учурда балдарды калтырып коюп кетип калат. Кийинки автобусту күткөнчө арадан жарым саат өтүп сабакка кеч калат. Ал эми бир эле сабактан 2-3 жолу кечиккен бала ал сабакка катышкысы келбейт. Мугалим урушат деп мектепке баруу каалоосу да акырындан жоголуп кетиши ыктымал. Ошондуктан баланы үйгө жакын жайгашкан мектепке окуткан оң. Эгер жол алыс болсо атайын унаа менен алып барып алып келгенге шарт болгону жакшы, эгер унаа жок болсо улуураак бирөө баланы коштоп жүрүшү зарыл", — деди психолог.
Ал баланы ийгиликтүү болсун деп ашыкча курстарга жаздырып салбаш керектигин кошумчалады.