Ким Чен Ын Россияга расмий сапар менен барат

Буга чейин Түндүк Корея лидеринин Москва сапары боюнча Батыш ЖМКлары жазган. Болжолдуу дата 13-сентябрь экени айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Россияга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы билдирди.
"Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Корея Элдик Демократиялык Республикасынын төрагасы Ким Чен Ын жакынкы күндөрү РФке расмий сапары менен келет", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Түндүк Корея лидеринин Москва сапары боюнча Батыш ЖМКлары жазган. Болжолдуу дата 13-сентябрь экени айтылган.
Учурда Путин Владивостокто өтүп жаткан Чыгыш экономикалык форумуна катышып жатат. Анын маалымат катчысы Дмитрий Песков бул форумдун алкагында Ким Чен Ын менен жолугушуу каралбаганын айткан.
Ким Чен Ын Шойгуга АКШныкына окшогон жаңы пилотсуз учактарды көрсөттү. Сүрөт