БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Караганда облусунда КМШ өлкөлөрүнүн Абадан кол салуудан коргонуу системаларынын биргелешкен күчтөрүнүн "Боевое содружество — 2023" аталышындагы машыгуусу өтүп жатат. Бул тууралуу Казакстандын Коргонуу министрлиги кабарлады.
Анда аталган тармактагы казакстандык күчтөрдөн сырткары Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү да катышып жатканы айтылды. Зениттик-ракеталык комплекстер машыгуучу-аскердик иштерди аткарууга киришкенин билдирди.
"Машыгуунун активдүү фазасы 14-15-сентябрга туура келет. Кыргызстандын Абадан кол салуудан коргонуу системасынын күчтөрү "Печора 2БМ" зениттик-ракеталык комплекс менен катышып жатат. Ал абадан жакынкы жана орто алыстыкта кол салган учактарды жана пилотсуз башкарылган аппараттарды жок кылууга багытталган", — деп айтылат маалыматта.
Машыгуунун активдүү фазасына Армениянын, Кыргызстандын, Россиянын, Өзбекстандын коргонуу ведомстволору менен абадан кол салуудан коргогон түзүмдөрүнүн күчтөрү байкоо салып турмакчы.
Эске салсак, жылдын башында Кыргызстанга модернизацияланган "Печора-2 БМ" мобилдик зениттик-ракеталык комплекси алып келинген. Техника Беларустан сатып алынган.